• Жекшемби 19 Бугу 2024
  • Воскресенье 19 Май 2024

ИИМ: “Министрдин уруксатысыз Данияр Абдыкаров чет өлкөгө чыкса, жооп берет!”

8 Кулжа 2018 10:14 Бишкек Govori.TV

Бишкек. 08. 06. 2018. Govori.TV

Социалдык тармактарда ИИМ министринин орун басары, Алмазбек Атамбаевдин колунан “Даңк” медалын алган Данияр Абдыкаровдун өлкөдөн чыгып кеткени тууралуу сөз жүрүүдө. Бул боюнча ИИМдин басма сөз катчысы Бакыт Сеитов Govori.TVга жооп кайтарды.

“Министрдин орун басары Данияр Абдыкаров учурда эмгек өргүүсүндө. Мындай учурда ал кайсыл жакка барып эс алат өзүнүн иши. Бирок, ИИМдин эрежеси боюнча, ал мамлекеттик сырларга ээ жооптуу кызмат адамы. Демек, ал чет өлкөгө чыгуу үчүн министрден атайын уруксат кагазын алууга тийиш. Абдыкаровго андай уруксат берилген эмес. Эгер чек ара кызматы анын өлкөдөн чыкканын расмий билдирсе, анда анын кыймыл-аракетинде тартип бузуу болгону айныксыз болуп эсептелет”,-деп билдирди ал.

Эске сала кетсек, соцтармактарда анын Казакстандын чек арасына өтүп, Алматы шаарынан дубайга учуп кеткени тууралуу документтердин сүрөтү жайылып жатат. Демек, бул маалымат расмий тастыктала турган болсо анда орун басар министр Данияр Абдыкаров

 

Количество просмотров: 14