• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

ИИМ министрине коомдук жайда тамеки чеккени үчүн айып салды

23 Жалган куран 202613:35 Бишкек Govori.TV

ИИМ башчысына коомдук жайда чылым чеккени үчүн айып салынды. Бул тууралуу ИИМ тараткан маалыматта айтылат.

Белгилей кетсек, министрдин чылым чеги жаткан видеосу соцтармактарга тарап кызуу талкуу жараткан.

«Бул факты боюнча ички иштер органдарынын кызматкерлери тарабынан мыйзамда белгиленген тартипте протокол түзүлүп, айып пул төлөндү. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарын так сактоо кызмат ордуна карабастан бардык жарандар үчүн милдеттүү экенин белгилейбиз. Ички иштер органдары жарандарды мыйзамдардын талаптарын так сактоого чакырат», — деп айтылат милициянын маалыматында.

Теги:
Количество просмотров: 105