• Шейшемби 23 Чын куран 2024
  • Вторник 23 Апрель 2024

ИИМ: Митингде тартип бузгандарга катуу чаралар көрүлөт

2 Жалган куран 2020 9:52 Бишкек Govori.TV

Ички иштер министрлиги митингде тартип бузгандарга катуу чаралар көрүлө турганын эскертет.

«Кыргызстанда абалды туруксуздаштырууга аракет жазагандарга мыйзамдын негизинде катуу чаралар көрүлүп, күнөөлүүлөр жоопкерчиликке тартылат. Ички иштер министрлиги абалды курчутууга жол бербейт. Биз тараптан коомдук коопсуздукту жана тартипти камсыздоо боюнча тиешелүү чаралар көрүлөт. Ыкчам штаб түзүлүп, иш-чаралардын планы иштелип чыкты.
Учурда кылмыштуулуктун алдын алууга, коммдук тартипти камсыз кылууга жана өлкөдөгү коомдук-саясий туруктуулукту сактоого багытталган ыкчам алдын алуу иш-чаралары жүргүзүлүүдө. ИИМ жеке жана юридикалык жактарды митинг өткөрүүдө мыйзамды сактоого чакырат. Ар кандай акцияларды мыйзам чегинде өткөрүү керек деп эсептейбиз, демократия менен берилген эркиндикти аша чаап колдонууга болбойт. Укукка жат иш-аракеттер мамлекетке жана коомго терс таасирин тийгизип гана койбостон, республиканын башка жарандардын коопсуздугуна дагы коркунуч жаратат. Ар бир укук бузуу боюнча мыйзам алдында жооп берүү мыйзам актыларында ачык жана так жазылган.

Ички иштер органдары бардык мыйзамга каршы келген иш-аракеттерди жүргүзүү жолуна бөгөт коёт. ИИМ баарына бирдей мамиле кылат жана саясий маселелерге катышпайт, ошол эле мезгилде мыйзамды бузгандарды көз кырына алып, мыйзам чегинде кескин чараларды көрөт. Ошондой эле “эсибиз барда этегибизди жабуу” керек, жалган маалымат таратуу менен кыргыз жергесинде жашаган бардык жарандарыбыздын коопсуздугуна шек келтирип жатасыздар. Ички иштер министрлиги коомчулукту туруксуздаштыруу боюнча чагымчыл жана башка жалган материалдарды тараткандар үчүн мыйзамга ылайык кылмыш жоопкерчилиги каралганын дагы бир жолу эскертет», — деп айтылат маалыматта.

Кошумчалай кетсек, бүгүн, 2-мартта камактагы саясатчы Садыр Жапаровдун тарапташтары аны колдоо максатында тынчтык митинг өткөрө тургандыгын билдиришкен эле.

Количество просмотров: 135