• Бейшемби 18 Чын куран 2024
  • Четверг 18 Апрель 2024

ИИМ: Орхан Инандыны ыкчам-изилдөө иши күчөтүлгөн тартипте уланууда

5 Кулжа 2021 10:46 Бишкек Govori.TV

Кыргызстандык Орхан Инандыны ыкчам-издөө иши боюнча сотко чейинки өндүрүш иши Кыргыз Республикасынын ички иштер министри, милициянын генерал-майору Улан Ниязбековдун көзөмөлүндө. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.

Орхан Инандыны ыкчам издөө иш-чаралары Кыргызстандын бардык аймагында күчөтүлгөн тартипте жүргүзүлүп, масштабдуу иштер уланууда.

Жогорудагы факт боюнча ИИМнен, Бишкек ШИИББнен, Октябрь РИИБнен тажырыйбалуу ыкчам кызматкерлери менен тергөөчүлөрүнөн түзүлгөн ыкчам-иликтөө тобу издөө ишине байланыштуу ыкчам түрдө мүмкүн болгон күбөлөрдү аныктап, сурак иштерин жүргүзүүдө.

Ички иштер министри, милициянын генерал-майору Улана Ниязбековдун тапшырмасы боюнча жоголгон жаранды издөө иштери жалпы республика боюнча жүрүп жатат.

«Активдүү издөө иштери тоо этектериндеги аймактарда, дарыялардын нугунда жана каналдарда, талааларда жана айыл чарба жерлеринде, таштанды төгүлүүчү жайларда жүргүзүлүүдө. Курулуш аянтчалары, гараж кооперативдери, унаа токтотуучу жайлар, кароосуз калган имараттар, заводдор жана фабрикалар, токой тилкелери жана парк зоналары текшерүүгө алынууда»,-деп айтылат билдирүүдө.

Количество просмотров: 200