Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын кылмыш иликтөө бөлүмү “үйүӊө кызыл китеп жасатып беремин”,- деп алдап акчасын алган, кылмышка шектүү жаранды кармады. Бул тууралуу Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматынан кабарлашты.
Маалым болгондой, Ош шаардык ички иштер башкармалыгына Ош шаарынын Эдельвейс көчөсүнүн тургуну, 1972-жылы туулган аял арыз менен кайрылган. Ал арызында андан 2021-жылдын май айында Ош шаарынын 1970-жылы туулган тургуну Ош шаарынын Эдельвейс көчөсүндөгү үйүнүнө “кызыл китебин жасатып беремин” деп, 300 (үч жүз) АКШ долларын жана 5000 (беш миӊ) сом акчасын алып, бүгүнкү күнгө чейин убадасын аткарбай, же алган документтерди, акчасын кайтарып бербей качып жүргөндүгүн билдирген.
Арыздануучу жогорудагы факты боюнча, шектүүнүн жүргөн жерин тактап, ага карата мыйзам чегинде чара көрүп берүүнү суранган.
Анын арызынын негизинде тергөө кызматы тарабынан 2022-жылдын 10-март күнү алдамчылык боюнча кылмыш иши козголгон.
Аталган кылмыш иши боюнча тергөөнүн жүрүшүндө шектүү тергөөдөн изин жашырып качып жүргөнүнө байланыштуу 2022-жылдын 29-март күнү ага карата сырттан Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 209-беренесинин 2-болумунун 1-пунктунда каралган кылмыштын белгилери менен айыбы угузулуп, бөгөт коюу чарасы катары Ош шаардык соту тарабынан 2022-жылдын 22-апрель күнү сырттан камакка алуу туру тандалып, ага карата издөө жарыяланган.
«2022-жылдын 9-июнь күнү Ош шаарынын аймагында жүргүзүлүп жаткан “Издөө” операциясынын жүрүшүндө Ош ШИИБнын кылмыш иликтөө бөлүмүнүн издөө бөлүмчөсүнүн кызматкерлери тарабынан жогорудагы издөөдө жүргөн, Ош шаарынын Масалиев көчөсүнүн тургуну, 1970-жылдын туулган С.Т. Ош шаарынын аймагында жашырынып жургон жеринен кармалып, Ош ШИИБнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди»,-деп айтылат маалыматта.