Бүгүн, 2-июнда Жогорку Кеӊеште кытайлык ишкер Айэркен Саймаитиге байланышкан маалыматтарды иликтөө үчүн түзүлгөн депутаттык комиссиянын отуруму өтүп жатат. Жыйында Ички иштер министрлигинин жана башка күч түзүмдөрүнүн өкүлдөрү маалымат беришүүдө.
Анда ички иштер министрлиги тарабынан Түркияга эки жолу суроо-талап жөнөтүлгөнү белгилүү болду.
«Саймаитинин өлүмү боюнча суроо-талап 20-ноябрда жөнөтүлгөн. Ага жооп келген. Ал эми 29-ноябрда жөнөтүлгөн суроо-талапка жооп келе элек», — деп билдиришти ИИМдин өкүлдөрү.
Ички иштер министринин орун басары Мирлан Каниметов Түркия тергөө иши бүткөндөн кийин жооп бере тургандыктарын билдиришкенин кошумчалады.
Саймаити 2020-жылы 10-ноябрда Стамбулдагы мейманканалардын биринин кафесинде отурган жеринен атып өлтүрүлгөнү кабарланган. Кыргызстанда Саймаитиге 2017-жылы болгон кол салуу боюнча кылмыш иши козголгон. Парламентте депутаттык комиссия түзүлгөн.