• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

ИИМ: Турак-жай кооперативдеринен 198 адам жабыркады

6 Бугу 2022 12:41 Бишкек Govori.TV

Кыргызстанда соңку төрт айда турак-жай кооперативдерине байланыштууички иштер органдары тарабынан 131 кылмыш иши козголгон. Учурда 37 кылмыш иши боюнча тергөө иштери аяктап, материалдар андан ары териштирүү үчүн сотко жөнөтүлгөн. Бул тууралуу Ички иштер министрлиги кабарлады.

ИИМдин турак-жай кооперативдери боюнча тегерек столунда маалымдалгандай, турак-жай кооперативдеринен жабыркагандардын саны 198 адамды түзөт. Жалпы материалдык зыян 121 миллион сомдон ашык.

Ички иштер министрлиги мындай фактылар олуттуу тынчсызданууну жаратарын айтып, ушуга байланыштуу турак-жай кооперативдеринин иши менен байланышкан укуктук жөнгө салуу маселелерин комплекстүү изилдөө зарылдыгы бардыгын белгилейт.

Турак-жай кооперативдеринин ишине мониторинг жүргүзүү жана бул иш Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык иш жүргүзүү боюнча ведомстволор аралык жумушчу топ түзүлгөнү белгилүү болду.

Количество просмотров: 247