• Ишенби 27 Чын куран 2024
  • Суббота 27 Апрель 2024

ИИМ: Өзгөчө абал киргизилгенден бери кылмыштуулуктун саны кескин кыскарды

7 Чын куран 2020 13:53 Бишкек Govori.TV

Өлкө боюнча милиция кызматы күнү-түнү күчөтүлгөн режимде кызмат өтөп жаткандыгына байланыштуу алдын алуу профилактикалык иш-чаралар үзгүлтүксүз жүрүп,   санитардык-карантиндик эпидемиологиялык посттор, блок посттордо орнотулуп, күч органдарынын кызматкерлери, ошондой эле коомчулук да милиция күчтөрү менен бирдикте иштеп жаткандыгына
байланыштуу кылмыштуулуктун саны азайды. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы кабарлады.

Ошондой эле, ошол эле убакта айрым бир кылмыштар   кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү каттоо реестрине катталып тергөө, иликтөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

Мисалга алсак, Бишкек шаарында, Ош шаары менен Ош облусунда, Жалал-Абад шаары менен Жалал-Абад облусунун аймагында киргизилген өзгөчө абал учурун талдоо көрсөткөндөй, өзгөчө оор жана оор кылмыштар кескин азайды.

Адам өлтүрүү  боюнча 3 факты катталган.  Алар Нарын шаарында “Лимонти” каймана аты менен белгилүү крим чөйрөнүн лидерлеринин биринин өлтүрүлүшү (өч алуу), Аламүдүн жана Ноокен районунун аймагында келип чыккан чыр-чатактын кесепетинен  2 адам өлтүрүү фактысы катталган. Жогорудагы
үч факты боюнча шектүүлөр кармалып, сотко чейинки өндүрүш жүрүүдө.


2020-жылдын 22-мартынан 5-мартка чейин 1351 кылмыш катталган (2019-жылга салыштырмалуу-2194),  кылмыштын саны 38,4%  азайгандыгын көрсөк болот.

Ошондой эле, 1480  жоруктар катталып (2019-жылга салыштырмалуу-2269),    34,7% %  азайгандыгын көрсөк болот.

Жогорудагы аймактарда бейбаштык,   бийлик өкүлдөрүнө карата зомбулук көрсөтүү, жасалма документтерди даярдоо жана пайдалануу, уурулук, зордуктоо, денеге залал келтирүү, алдамчылык кирет.

Андан сырткары, учурда өзгөчө абал киргизилген аймактарда ички иштер органдары тарабынан катталган бузуулардын катарына ички иштер органдарынын мыйзамдуу талаптарына баш ийбөө, ыйгарым укуктуу органдын чечимдерин, аныктамаларын, тескемелерин же  талаптарын аткаруу тартибин бузуу (Бузуулар жөнүндө кодексинин 82-беренеси) сыяктуу бузуулар катталууда.

Количество просмотров: 72