• Ишенби 11 Бугу 2024
  • Суббота 11 Май 2024

ИИМ: Жаңы жыл түнү тынч өттү

1 Үчтүн айы 2024 13:04 Бишкек Govori.TV

Республика аймагында Жаңы жыл түнү тынч өттү, деп билдирет Ички иштер министрлигинин (ИИМ) басма сөз кызматы.

2023-жылдын 31-декабрына карата республика аймагында кылмыштар жана окуялар боюнча жалпы 434 маалымат жана кайрылуу келип түшкөн, анын ичинен 3 кылмыштардын бирдиктүү реестрине катталган.

Учурда ИИО кызматкерлери күчөтүлгөн тартипте кызмат өтөөсүн улантууда.

Майрамдык ири иш-чараларда мыйзамдуулукту жана тартипти камсыздоо коопсуздуктун бардык деңгээлин эске алуу менен камсыз кылынат.

Жакын жайгашкан турак жай секторунда, түздөн-түз массалык иш-чаралар өтүүчү жерлерде укуктук тартип көзөмөлдөөгө алынган.

Иш-чара өткөрүлүүчү жайга жакын жерлерде милиция посттору коюлган. Иш-чара өткөрүлүүчү жайга жакын жерде милиция посттору коюлган. Жаңы жылды майрамдоо күндөрү милиция күчөтүлгөн тартипте иш алып барып жана тергөө топторунун күнү-түнү нөөмөттөрү уюштурулган.

Кыргызстандын милициясынын бардык өздүк курамы кызмат учурунда мыйзамды сактоого, жасалган жана даярдалып жаткан кылмыштар тууралуу бардык билдирүүлөргө жана сигналдарга дароо жооп берүүгө багытталган. Кылмыштарга жана укук бузууларга токтоосуз чара көрүү, алдын алуу жана болтурбоо максатында кошумча тергөө-ыкчам жана тез чара көрүү топтору түзүлгөн.

Ички иштер органдарынын кызматкерлери тарабынан коомдук тартип толук камсыздалууда, олуттуу бузуулар болгон эмес.

Количество просмотров: 135