• Шейшемби 23 Чын куран 2024
  • Вторник 23 Апрель 2024

ИИМ: Жалган маалымат тараткандар жазага тартылат

24 Баш оона 2020 12:10 Бишкек Govori.TV

Социалдык тармактарда тарап жаткан “түнкүсүн учактар менен дары чачып, андан балдар ооруйт” деген аудио жалган жана бул билдирүү боюнча тиешелүү ыкчам аракеттер башталды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинен билдиришти.

Милиция жалган маалымат тараткандар Жазык кодексинин 344-беренеси (“Кылмыш жасалгандыгы жөнүндө билип туруп жалган маалымат таратуу”) боюнча кылмыш жоопкерчилигине тартыларын эскертип, мыйзам билбегендик жоопкерчиликтен бошотпоорун белгилейт.

ИИМ жалган маалымат таратуу фактыларын 102 кызматын кабарлоого чакырат.

Количество просмотров: 325