• Бейшемби 28 Жалган куран 2024
  • Четверг 28 Март 2024
Орозо

ИИМ жергиликтүү кеңештин депутатын кармады

8 Бугу 2023 14:17 Бишкек Govori.TV

Аламүдүн районунда жергиликтүү кеңештин депутаты алдамчылыкка шектелип кармалды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинен кабарлашты.

Маалым болгондой, милицияга Достук айылынын тургундары жергиликтүү кеңештин депутатынын (Пригородный айыл аймагы) үстүнөн арыз жазган. Алар арызында билдиргендей, айылдык кеңештин депутаты «суу өткөрөбүз» деп тургундардан 3,5 миң сомдон акча чогултуп алган. Андан кийин дагы акча чогултуу керектигин айтып, айрымдарды коркутууга чейин барган. Бирок, тургундарга аткарылган иштер жаккан эмес — түтүктөр сапатсыз болуп, жарабай калган. Маалыматтарга караганда, суу тартуу иштерине бир фонд демөөрчү катары салым кошкон. Ишти «И.К.»  аттуу жеке фирма жүргүзгөн.

Бул фактыга байланыштуу Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренесинин 4-бөлүгү (Алдамчылык) боюнча кылмыш иши козголгон.

Милиция кылмышка шектүү катары Аламүдүн районундагы жергиликтүү айылдык кеңештин депутаты И.У. аттуу жаранды кармаган. Ал убактылуу кармоочу жайга камакка алынган.

Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынан маалыматы боюнча, кармалган жаран буга чейин бир нече жолу кылмыш жоопкерчилигине тартылган, андан тышкары ал дагы бир иш боюнча айыпталууда. Азыркы учурда тергөө амалдары улантылууда. Келтирилген чыгым такталууда.

Количество просмотров: 109