• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

ИИМ Жээнбековдун штабынын шайлоого кетирген каражаттарын текшерет

1 Бештин айы 2018 14:39 Бишкек Govori.TV

Бишкек.01.12.2018.Govori.TV.

КР ички иштер министрлиги тарабынан укук коргоочу Нурбек Токтакунов жарыялаган Жээнбековдун шайлоо фонду делген документтер текшерилет.

15-ноябрда социалдык тармакка жарыяланган  Жээнбековдун шайлоо фонду коомчулукта катуу талкууга айланган. Анда расмий коротулган каражаттардан кыйла көп акча коротулган жазылган.

Муну менен катар КСДПнын пияр-адиси Алексей Василивецкийдин айткандары тууралуу да иликтөө жүрөөрү белгилүү болду. Ал өзүнүн өмүрүнө коркунуч жаралып жатканын айтып өлкөдөн чыгып кетүүгө аргасыз болгонун айткан эле. Василивецкий Орусиянын жараны болуп туруп КСДПнын саясий технология болуп 8 жыл эмгектенген. Андан бул тууралуу сураганда алгач иштебегенин айтып андан көп өтпөй өзүнүн баракчасына видео кайрылуу жасап КСДПда иштегенин жана ал үчүн акча алганын айткан.

Эске салсак, Токтакунов жарыялаган документтерде Василивецкийдин ысымы бир нече жолу көрсөтүлгөн жана ага ылайык шайлоо фондунан 170миң АКШ долларын алгандыгы жазылган.

Количество просмотров: 31