• Шаршемби 24 Кулжа 2026
  • Среда 24 Июнь 2026

ИИМ Жолболдуеванын билдирүүсүн “элдин көңүлүн өзүнө буруу аракети” деп сыпаттады

26 Бештин айы 202416:16 Бишкек Govori.TV

Ички иштер министрлиги блогер Батмакан Жолболдуеванын милициянын убактылуу кармоочу жайында кармалып турганда зордук-зомбулук көргөнүн айтканына байланыштуу 26-декабрда билдирүү таратты.

Министрлик билдирүүсүндө Жолболдуеванын кылмыш ишинин тарыхы тууралуу баяндап, ага коюлган айыптар, соттун өкүмү, анын андан кийин башка фактылар боюнча кармалганы тууралуу маалымдайт. ИИМ блогер буга чейинки соттук отурумдарда зордуктоо жөнүндө айтпаганын белгилеп, анын соңку сөздөрүн “коомчулуктун көңүлүн өзүнө бурдуруу аракети” катары сыпаттады.

“Батма Жолболдуева аттуу жаран Фейсбук социалдык түйүнүндөгү өзүнүн баракчасында түз эфирде кайрылуу жасап, Баткен РИИБдин убактылуу кармоо жайында камакта олтурган убакытта зордук көргөнүн айтып чыккан. Кайрылуу учурунда көзүнө жаш алып, элдин назарын буруу аракетин жасады. […] Батма Жолболдуева учурда айтып жаткан 2022-жылы Баткен РИИБдин убактылуу кармоо жайында шектүүлөр тарабынан зордукталгандыгы жөнүндө билдирүүсүн ал тергөө убагында жана соттук териштирүүлөрдө эч кимге айткан эмес жана көрсөтмө берген эмес. Анын “милиция кызматкерлери тарабынан кордук көрдүм” деген маалыматы боюнча учурда Баткен ОИИБде кызматтык текшерүү жүргүзүлүүдө”, – деп айтылат ИИМдин билдирүүсүндө.

Блогер Батмакан Жолболдуева Фейсбуктагы баракчасы аркылуу кечээ, 25-декабрда түз эфирде видеокайрылуу жасап, 2022-жылы Баткен райондук милициясынын убактылуу кармоочу жайында кармалган учурда зордук-зомбулук көргөнүн айтып чыкты.

Количество просмотров: 588