• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Блогер Батмакан Жолболдуева тергөө абагында зордукталганын айтып чыкты

25 Бештин айы 202417:52 Бишкек Govori.TV

Блогер Батмакан Жолболдуеванын убактылуу кармоочу жайда зордуктоого кабылганы айтты. Бул тууралуу ал бүгүн, 25-декабрда фейсбук баракчасы аркылуу түз эфирге чыгып билдирди.

Эфир учурунда Жолболдуева 2022-жылы Баткен ОИИБдин убактылуу кармоочу жайында кармалып турганда зордукталганын, бирок, тийиштүү жетекчилерге чара көрүлбөгөнүн билдирди. 

«Камакка алынган алгачкы үч күндө убактылуу кармоочу жайдын кызматкерлери мага туугандарым алып келген тамак-ашты, кийим-кечелерди бербей коюшкан. Бир күнү кезегим келип калгандыктан мени душка түшүүгө жиберишкен, 15 мүнөттөн кийин мурда РИИБдин орун басарын өлтүргөн камактагы адам келип, мени зордуктады», — деди ал.

Эске салсак, Батмакан Жолболдуева 2022-жылы кармалган. Буга журналист Арзыгүл Галымбетованын жазган арызы себеп болгон. Галымбетова өз арызында «Батма-бат» YouTube каналы аркылуу аны негизсиз каралап, ар-намысына жана кадыр-баркына шек келтирген Батмакан Жолболдуевага чара көрүүнү суранган. Бирок арыз ээси ошол эле күнү кечинде каза болгон. Белгилей кетсек, бир нече убакыт өткөндөн кийин экспертиза Арзыгүл Галымбетованын өлүмүнө астма оорусунан улам жүрөк оорусу себеп болгондугу аныкталган.

Ал эми Жолболдуевага карата төрт берене, анын ичинде этиятсыздыктан өлүмгө алып келүү боюнча кылмыш иши козголгон. Убактылуу кармоочу жайда камалып жаткан Жолболдуева өзүнө кол салып, тамырын кескен.

Кийинчерээк Баткен облустук соту блогер Батмакан Жолболдуеваны журналист Арзыгүл Галымбетованын өлүмү боюнча иште айыпсыз деп таап, актаган. 2023-жылы 22-майдагы сот отурумунда Батмакан Жолболдуева Кылмыш кодексинин 190-беренеси «Купуя жашоонун кол тийбестигин бузуу» менен айыпсыз деп табылган. Кылмыш кодексинин 280-беренеси «Ээнбаштык» менен күнөөлүү деп табылып, 50 миң сом айыпка жыгылган.

Ал эми Баткен облустук ички иштер башкармалыгы блогердин айткандары боюнча кызматтык иликтөө иштерин баштаганын ведомствонун басма сөз кызматы билдирди.

Батмакан Жолболдуеванын кордолгону боюнча маалыматтан соң ЖКнын жалпы жыйынында депутат Марлен Маматалиев сөз сүйлөп, териштирүү иштерин жүргүзүү керектигин айтты.

Количество просмотров: 4061