• Ишенби 20 Чын куран 2024
  • Суббота 20 Апрель 2024

ИИМде Улан Исраиловдун ишинин жыйынтыгы чыкты

28 Чын куран 2018 22:46 Бишкек Govori.TV

Бишкек. 28.04.2012. Govori.TV

КР ИИМин экс-президент Алмаз Атамбаевдин жанчакчысы Улан Исраилов башкарып турган маалда башкы тартип коргоо органы ийгиликтүү иштеген. Мындай жыйынтыкка ИИМдин бүгүнкү коллегиялык жыйынындагы министр Кашкар Жунушалиевдин докладынан кийин айтууга болот.
ИИМдин Маалыматтык технологиялар башкы башкармалыгынын маалыматында, 2018-жылдын 1-чейрегинде Кыргыз Республикасынын Ички иштер органдарында 7318 кылмыштар менен кырсыктар катталып, 6212 кылмыш иши козголгон.»
Өткөн жылдардын жана 2018-жылдын ичиндеги кылмыш иштерин иликтөөнүн жүрүшүндө жалпысынан 6038 кылмыш ишинин бети ачылып, пайыздык түрдө эсепке алганда 72,0 % түздү»,-деп айтылат маалыматта.
Эске сала кетсек, коллегиялык кеңешменин чечими менен мурда Жалал-Абад ОИИБди жетектеп келген, ИИМдин криминалдык милиция кызматынын аймактар аралык башкармалыгынын башчысы А. Мамасеитов, Бишкек ШИИББдин башчысынын ыкчам иштер боюнча орун басары М. Муктаров, Кыргыз Республикасынын ИИМдин КМКнын 3-бөлүмүнүн (ИИМдин уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү башкармалыгы) башчысы Таштан уулу Нурлан ээлеген кызматтарынан бошотулду. Тогуз-Торо РИИБдин башчысына карата топтолгон материалдар Жалал-Абад облусунун Тогуз-Торо районундагы окуя боюнча юридикалык жактан баа берүү үчүн тергөө органдарына жөнөтүлө тургандыгын белгиленди.
Количество просмотров: 3