• Шейшемби 14 Теке 2026
  • Вторник 14 Июль 2026

ИИМдин академиясында курсанттар ант берди

26 Тогуздун айы 202214:28 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 26-октябрда ИИМдин Э.Алиев атындагы академиясынын саптык аянтчасында 1-курстун курсанттарынын ант берүү аземине арналган салтанаттуу иш-чара өттү. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы кабарлады.

Академиядан билдиришкендей, 128 курсант өз элине, Ата Мекенине кызмат кылууга ант беришти.

Салтанаттуу иш-чарага ички иштер министринин биринчи орун басары Адылбек Бийбосунов, ички иштер органдарынын генералдары жана ардагерлери, ИИМдин академиясынын профессордук-окутуучулук курамы, курсанттардын ата-энелери жана жакындары катышты.

Салт боюнча салтанаттуу иш-чара ИИМдин академиясынын туусун көтөрүү менен башталды. Салтка айлангандай, Э.Алиев атындагы коомдук фонду тарабынан жакшы окуган курсанттарга стипендия берилди.

Салтанаттуу иш-чара офицерлердин жана курсанттардын салтанаттуу жүрүшү менен аяктады.

Количество просмотров: 141