• Жума 19 Чын куран 2024
  • Пятница 19 Апрель 2024

ИИМдин алдына Акаев менен Сулаймановдун тарапташтары чогулду

15 Аяк оона 2021 19:27 Бишкек Govori.TV

Учурда Ички иштер министрлигинин Тергөө башкармалыгынын имаратында Жогорку Кеңештин депутаттары Алтынбек Сулайманов менен Жанарбек Акаев сурак берип жатат.

ИИМдин алдына депутаттардын тарапташтары чогулду. Алардын арасында парламент депутаттары Абдывахап Нурбаев, Мирлан Жээнчороевдер бар.

Жанар Акаев суракка кирердин алдында ИИМге «бийликти күч менен басып алуу» иши боюнча күбө катары чакырылганын билдирди. Ал эми Сулайманов президенттин атына жазылган айрым маданият ишмерлеринин кайрылуусунан чакырылганын айтты.

Буга чейин интернетте айрым саясатчылардын сүйлөшүүсү делген аудио тараган. Ага байланыштуу 14-сентябрда Курсан Асанов ИИМге суракка чакырылып, андан кийин убактылуу кармоочу жайга камакка алынган. Асановго Жазык кодексинин 309-беренеси («бийликти күч менен басып алуу») боюнча иш козголгон.
Ошондой эле Жанар Акаев да ал боюнча өз түшүндүрмөсүн берип, андагы айтылгандар калп экенин маалымдаган.

Количество просмотров: 512