• Жекшемби 25 Тогуздун айы 2020

ИИМдин башчысы митингде жаракат алган милиция кызматкерлеринен кабар алды

18 октября 2020 в 10:30 Бишкек Govori.TV

Ички иштер министри Улан Ниязбеков митинг учурунда жаракат алган милиция кызматкерлердин абалы менен таанышып келди. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалым болгондой, ИИМдин башчысы бейтаптар менен өз ара баарлашып, тезирээк айыгып чыгып, кызматын өтөө үчүн жолдошторунун жанына кошулуп калуусуна тилектеш экенин билдирди. Ошондой эле бардык жаракат алгандарга тиешелүү медициналык жардамдар жана материалдык жактан колдоолор боло тургандыгына убада берди.

Улан Ниязбеков кызматкерлеринин толук сакайып кетишине болгон мүмкүнчүлүктөрүн жумшарын айтып, коомдук коопсуздукту жана тартипти камсыздоо боюнча кызматтык милдеттерин аткарган милиция кызматкерлерине терең ыраазычылыгын билдирди.

Эске салсак, 5-6-октябрда Бишкек шаарында өткөн нааразычылык митингинин натыйжасында укук коргоо органдары менен митингчилердин ортосунда кагылышуу орун алган. Анда жабыркаган 176 кызматкер ооруканада даарыланууда.

Количество просмотров: 159