Бишкек.21.12.2018.Govori.TV.
Жайыл районунда ИИМдин Мамлекеттик адистештирилген күзөт кызматынын кызматкери мас абалында жол кырсыкка кабылып, анын кесепетинен бир адам каза болду.
Маалым болгондой, 15-декабрдан 16-декабрга караган түнү Кара-Балта—Степное жолунда эки жигитти унаа сүзүп кеткен, бири ошол жерде каза болгон.
Каза болгон жигиттин бир туугандары маалымдагандай, эки жигитти сүзүп кеткен айдоочу милиционердин формасында болгон, ал окуя болгон жерден качып кеткен. Жол кырсыктын кесепетинен Кара-Балта шаарынын 1991-жылы туулган тургуну Нурлан Акылбеков каза болгон.
Чүй облустук жол кыймылык көзөмөлдөө кызматы күнөөкөрдүн кырсык болгон жерден качып кеткенин четке кагып, ал ошол жерде болгонун жана күнөөсүн мойнуна алганын билдирген.