Бишкек. 25.03.2019. Govori.TV.
ИИМдин Онунчу башкармалыгынын өкүлдөрү 1 миллион сомдон ашык каражатты өздүк кылып алышкан. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан кабарлашты.
Маалыматка ылайык, Бишкек прокурактурасы жана ИИМдин ички иликтөө кызматынын кызматкерлери менен биргеликте коррупциялык схеманы ачыкташкан, анда кызматкерлер тарабынан чет элдик жарандарга паспорт-виза жасалуудагы административдик укук бузуулардан алынган айыппулдарды жок кылышкан.
2015-жылдан 2018-жылга чейин ИИМдин Ленин, Свердлов райондорунун ички иштер башкармалыктарынын 10-бөлүмүнүн кызматкерлери «Р» аттуу компания менен келишип алып, 104 мыйзам бузуудан 1 млн. 40 миң сом кымырышкан. Алар айып катары төлөнүүчү акчаны «Р» компаниясынын кассасы аркылуу өздөрүнө алышкан. Бул кылмышты жашырыш үчүн кийин документтерди жок кылышкан.
Алынган каражаттар «Р.» ААКтын кассалык ордери аркылуу өткөрүлгөн.