• Шейшемби 23 Чын куран 2024
  • Вторник 23 Апрель 2024

ИИМдин тергөөчүсү пара менен кармалды

11 Кулжа 2021 15:49 Бишкек Govori.TV

Пара алуу фактысы боюнча ИИМдин тергөө кызматынын тергөөчүсү кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, УКМК тарабынан ички иштер органдарындагы коррупцияга байланыштуу кылмыштарды аныктоо, алдын алуу жана бөгөт коюу боюнча жүргүзүлүп жаткан иштердин алкагында, ИИМдин тергөө кызматынын тергөөчүсү жазык ишине катышкан адамга карата жазык куугунтугун токтотуу үчүн акча каражатын талап кылгандыгы аныкталды.

Бул факт КР УКМК башкы тергөө башкармалыгы тарабынан КР Кылмыш-жаза кодексинин 326-беренеси («Опузалап пара алуу») боюнча сотко чейинки өндүрүштү баштады.

«2021-жылдын 9-июнунда КР ИИМ ички иликтөө кызматы менен биргеликте жүргүзүлгөн ыкчам-тергөө иш-чараларынын жыйынтыгында, өзүнүн кызматтык бөлмөсүнөн 500 миң АКШ доллар өлчөмүндө пара алып жаткан жеринен милициянын полковниги «У.Э.К.» кармалды»,-деп айтылат маалыматта.

Кармалган адам КР Жазык-процесстик кодексинин 98-беренесинин негизинде КР УКМК тергөө камак жайынны убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Тергөө иштери жүрүп жатат.

Количество просмотров: 256