Бишкек.19.07.2019.Govori.TV.
ИИМдин жашы жетелектер менен иштеген кызматынын башкы инспектору Рашид Карабаев көз жумду. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин маалымат кызматы билдирди.
Рашид Карабаев 1967-жылы 22-февралда Ош облусунун Кара-Суу районундагы Мады айылында туулган.1993-жылдан тарта ички иштер органдарында кинолог-милиционер болуп иштеп баштаган.Ош жана Чүй облустук милициясында бир нече кызматтарды аркалаган. Милициянын подполковниги наамын алган.
Кошумчалай кетсек, маркумдун сөөгү бүгүн, 19-июлда, Ош облусунун Кара-Суу районундагы Чагыр айылында жерге берилди