• Шейшемби 23 Чын куран 2024
  • Вторник 23 Апрель 2024

ИИМге таандык кызматтык автоунаа жол кырсыгына кабылды

13 Теке 2019 16:51 Бишкек Govori.TV

Бишкек.13.07.2019.Govori.TV.

Бишкектеги Токтоналиев жана Ахунбаев көчөлөрүнүн кесилишинде ИИМге таандык кызматтык автоунаа менен «Lexus GX 470» үлгүсүндөгү жолтандабас кагышты. Күбөлөрдүн айтымында, кеминде эки адам жабыркап, ооруканага алып кетишти.

Кырсык 13-июлда түшкө чейин, саат 11 ченде болгон. Бишкек милициясынан кабарлашкандай, кырсыкка кабылган автоунаалардын бири ИИМдин алындагы Мамлекеттик адистештирилген күзөт кызматына таандык болгон.

Учурда экспертиза дайындалып, териштирилүүдө.

Күбөлөр милициянын кызматтык автоунаасы жолчырактын кызыл жарыгынан өтүүгө аракет кылып, кырсыкка кабылганын айтып чыгышты

Количество просмотров: 16