• Дүйшөмбү 29 Чын куран 2024
  • Понедельник 29 Апрель 2024

Икрамов: 6-чакырылышта көтөрүлгөн маселе бүгүнкү күнгө чейин чечилбей турат

8 Кулжа 2022 14:18 Бишкек Govori.TV

6-чакырылышта көтөрүлгөн маселе бүгүнкү күнгө чейин чечилбей турат. Мындай пикирин Жогорку Кеңештин депутаты Тазабек Икрамов билдирди.

Анын айтымында, табигый кырсыктарды алуу үчүн Сузак районундагы Кара-Дарыя айылына дамба куруу маселесин 6- чакырылышта көтөргөн.

«Быйыл башка жылдарга салыштырмалуу табигый кырсыктар көп катталды. Буга чейин Кара-Дарыя айылында бир жыл мурун сел болуп, бүгүнкү күнү ошол жердеги жашоочулар контейнерде жашап жатканын жана дамба куруу тууралуу маселелерди көтөргөм. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинде алдын алуу иштери жокко эсе. Мындай жагдайда министр өз каалоосу менен кызматтан кетиши керек болчу. Жумушту алып бара албай жатканын мойунга алыш керек. Дамба курулбай, бир топ эгин жерлерди сел алып кетти. Элдин тагдыры менен ойнобош керек»,-дейт депутат.

Количество просмотров: 113