• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Икрамов: Активисттерди куугунтуктап, камоо жакшылыкка алып барбайт

24 Жалган куран 2021 15:40 Бишкек Govori.TV

Активисттерди куугунтуктап, камоо жакшылыкка алып барбайт. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин депутаты Тазабек Икрамов билдирди.

«Жарандык активисттерди кысымга алып, куугунтуктоого каршымын. Ар бир жарандын жеке көз карашы менен ой пикири болот. Экинчи тарабынан алсак, абройго шек келтирген учурлар дагы жок эмес. Мени деле талкуулап келе жатышат. Аша чапкандан алыс болууга чакырат элем. Жалпы мамлкет тарабынын камоо, куугунтуктоо жакшылыкка алып барбайт. Ошондуктан сөз эркиндигин сыйлашыбыз керек»,-деди Икрамов.

Количество просмотров: 71