• Дүйшөмбү 6 Бугу 2024
  • Понедельник 6 Май 2024

Икрамов: Алтынды спортчуларыбыз граммдап сырттан алып келип жатат, а уурулар тонналап сыртка чыгарууда

20 Чын куран 2023 10:56 Бишкек Govori.TV

Алтынды спортчуларыбыз граммдап сырттан алып келип жатат, а уурулар 100 килограммдап, тонналап сыртка чыгарууда. Мындай пикирин бүгүн, 20-апрелде ЖК жыйынында депутат Тазабек Икрамов билдирди.

Анын айтымында, Кыргызстандан алтындар сыртка мыйзамсыз жол менен ташылып жатат.

«Өкмөт донор издеп, акча сурап Америкада жүрөт. Кредиттерди алып жатыбыз. Баарыбыз күбө болгондой кечээ аткезчилик жол менен 84 кг алтын кармалып жатат. Биздин мамлекетте мындай болуп жатканы туура эмес. Биз ойлогонбуз да, алтыныбыз менен сырткы карыздардан кутулабыз деп. Бирок, алтындарыбыз сыртка чыгып кетүүдө, уурулук жол менен. Спортчуларыбыз граммдап сырттан алтындарды алып кетип жатат, ал уурулар 100 килограммдап, тонналап алтындарыбызды сыртка ташып жатат. Бул өтө уят нерсе. Бул бир гана фактысы болуп калды, кармалбай өтүп жатканы канча. 84 кг алтын деген 84 кг картошка эмес да, ары бери өтүп кете турган. Мындан улам протоколдук тапшырма берет элем, ушу 84 кг алтын кимге тиешелүү? Бул Кыргызстандын алтыны да, ошондуктан ууруларды тез арада ачыктоо керек», — деди депутат.

Количество просмотров: 116