Өзгөчө кырдаалдар министри өз арызы менен жумуштан кете турган абалга жетти. Мындай пикирин Жогорку Кеңештин бүгүнкү жыйынында депутат Тазабек Икрамов билдирди.
Депутат дамба курууга бөлүнгөн каражаттын кайда жумшалып жатканына кызыгып, төмөндөгүлөргө токтолду.
«Сузак районунда бир жыл мурда сел жүрүп, зыян тарткан тургундар ошондон бери контейнерде жашап жатат. Аларды турак жай менен камсыз кылыш керек болчу. Ушул маселени качан чечесиздер, Алмазбек Абытов? Ошондой эле Кара-Дарыя айылына дамба куруу маселеси көтөрүлгөн. Кечээ дагы сел жүрүп, эгин талааларын алып кетти. Дамбага бөлүнгөн акчаны өзгөчө кырдаалдар министри, анын орун басары эмне кылды? Ушунча окуядан кийин министр өз арызы менен деле жумуштан кете турган акыбалга жетти», — деди Икрамов