• Жекшемби 28 Чын куран 2024
  • Воскресенье 28 Апрель 2024

Икрамов өкмөттүн электр энергиясындагы тариф саясатын сынга алды

26 Бештин айы 2023 14:52 Бишкек Govori.TV

ЖК депутаты Тазабек Икрамов Министрлер кабинетинин электр энергиясындагы тариф саясатын сынга алды. Бул тууралуу ал фейсбук баракчасына жазган.

Анын айтымында, Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаровдун «байлар байлардай төлөйт» деген сөзүн «электр энергиясына баа көтөрүлөт» деп мүнөздөсө болот.

«Өкмөт электр энергиясына болгон тарифтерди көтөрөөрдөн мурун, алгач отуз жыл ичинде бул тармакка алынган 1 миллиард доллардан ашык кредит, гранттардын эффективдүүлүгүн жана кайсы багытка жумшалганын инвентаризация жасап, коррупцияга баткан чиновниктерди жазалаш керек эле.

Байлар байдай эмес, ар бир жаран керектөөсүнө жараша төлөрүн жана тоолуу аймактар, аз камсыз болгон үй-бүлөлөр мамлекет тарабынан субсидияланышы милдет экенин азыркы өкмөт так билиши керек», — деди Икрамов.

Өкмөт энергетика тармагына сырттан алынган насыя жана гранттардын кандай колдонулганын текшерип, бул тармакка зыян келтирген жемкорлорду жазалашы зарыл экенин кошумчалады.

Количество просмотров: 104