• Шейшемби 30 Кулжа 2026
  • Вторник 30 Июнь 2026

Икрамов: Мыйзамсыз байыган аткаминерлерди жоопко тартуу керек

13 Бугу 202015:04 Бишкек Govori.TV

Мамлекеттин мүлкүн мыйзамсыз менчиктештирген аткаминерлер жоопко тартылышы керек. Бул тууралуу депутат Тазабек Икрамов бүгүн, 13-майда Жогорку Кеңештин жыйынында айтты.

«Мамлекеттин мүлкүн мыйзамсыз менчиктештирип, түрдүү эл аралык уюмдардан жана чет мамлекеттерден алынган акчаны даректүү жумшабай, ич ара бөлүп алган мурдагы аткаминерлер жоопко тартылышы зарыл. Өкмөт башчы катары сиз демилгени колго алышыңыз керек. Азыр коомдо нааразылык күчөп жатат», — деди депутат.

Ал эми премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев бул маселе боюнча Мамлекеттик мүлк фонду текшерүү жүргүзүп жатканын билдирди.

Количество просмотров: 513