• Дүйшөмбү 29 Чын куран 2024
  • Понедельник 29 Апрель 2024

Икрамов: Пенсиясына 500 сом кошкон менен, унга эле 1000 сом бир күндө кошулуп жатпайбы…

21 Аяк оона 2023 11:38 Бишкек Govori.TV

Жогорку Кеңештин депутаты Тазабек Икрамов парламенттин 21-сентябрдагы жыйынында Министрлер кабинетинин кышка даярдыгын сындады.

«Казакстанга сууну каалагандай бердик. Суунун каалагандай агызып жатып, азыр суу жок, ун жок. Бул башталышы эле, күз башталбай жатып, бир кап ун миң сомго чыгып атат. Биз буга чейин «азык-түлүк кымбаттап жатат, көзөмөлгө алгыла» деп канча айтып келдик. Элдерден акча жыйнашты билебиз, а элди кантип багышты билбейбиз да. 500 сомго пенсиясын кошкон менен, унга эле 1000 сом бир күндө кошулуп жатпайбы», — деди Икрамов.

Депутат ундун кымбаттап кеткенин аткаруу бийлигинин шалаакылыгы деп баалады.

Тазабек Икрамов Министрлер кабинетинин мүчөлөрүн парламентке келип, азык-түлүк баалары жана кышка даярдык тууралуу маалымат берүүсүн талап кылды.

Количество просмотров: 1528