• Дүйшөмбү 29 Чын куран 2024
  • Понедельник 29 Апрель 2024

Икрамов: Таштанды полигонуна бөлүнгөн каражат максатсыз иштетилген

6 Чын куран 2022 16:00 Бишкек Govori.TV

Таштанды полигонуна бөлүнгөн каражат максатсыз иштетилген. Мындай пикирин Жогорку Кеңештин депутаты Тазабек Икрамов билдирди.

Икрамов депутаттардын Элдик тобу менен өткөн аптада Бишкектин четинде жайгашкан таштанды талаасына барып келген.

«Таштанды талаасына барып бүгүнкү күндө жүрүп жаткан иштери менен таанышып келдик. Буга чейин таштанды талаасына бөлүнгөн 22 миллион евронун кайда жумшалганы тууралуу маалыматтарды карадык. Ал акчалар туура эмес жактарга бөлүнгөнүнүн себебинен ошол жерде болгон коррупцияларды көрдүк, өтө начар жумуштарды алып барышкан… Депутаттык комиссия түзүп, аны иликтөө маселесин көтөрдүк. Ал жерге инвесторлорду таап таштандыны кайра иштетүүчү ишкана кылбасак, жугуштуу оорулар пайда болушу мүмкүн. Оору чыкканда гана көңүл буруп калуудан алыс болуубуз абзел. Ал жерде мэр менен жолугушуу болду, тапшырмаларды бердик. Калаа башчысы таштандыны кайра иштетүүчү ишкана курууга инвесторлор келип жатканын, 2 айдын аралыгында куруу иштерин баштайбыз деп ишендирип жатат. Бул маселени тез арада чечпесек чоң көйгөйлөр жаралып калуусу ыктымал», — деди депутат.

Количество просмотров: 118