• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Икрамжан Илмияновду жердештери колдоп митингке чыгышты

24 Тогуздун айы 2018 13:10 Бишкек Govori.TV

 

Бишкек. 24.10.2018. Govori.TV

Лейлек районундагы Катран, Баун жана Өзгөрүш айылынын тургундары экс-президент Алмазбек Атамбаевдин мурдагы кеңешчиси Икрамжан Илмияновду үй камагына чыгарууну өтүнүшүүдө. Алар Катран айылына чогулуп, тынчтык митингин өткөрүшкөн. Бул тууралуу маалымат булактар жазып чыкты.

Маалым болгондой, тынчтык митингине чогулгандар президент, өкмөт башчы жана УКМКнын төрагасынан Илмияновдун ишин калыс карап, аны үй камагына чыгарууну өтүнүшкөн. Учурда алар өлкө жетекчилигине кайрылуу жиберүү үчүн кол топтоп жатышат.

Эске салсак, УКМК Илмияновго «алдамчылык» боюнча кылмыш ишин козгоп, Биринчи Май райондук соту сырттан камакка алуу чечимин чыгарган.  Ал 19-октябрда Орусиядан  кармалып келип, соттун чечими менен 28-ноябрга чейин УКМКнын СИЗОсуна камалган.

 

 

Количество просмотров: 30