• Ишенби 27 Чын куран 2024
  • Суббота 27 Апрель 2024

Илгиз Шаменов камакта калды

12 Бештин айы 2022 14:11 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 12-декабрда Бишкек шаардык сотунда массалык башаламандык уюштурууга шек саналып кармалган жарандардын бөгөт чарасы каралууда.

Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунун 2022-жылдын 12-декабрындагы токтомуна ылайык, И.Сарылдык уулуна карата мурда тандалган Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине караштуу ЖАМК №21 тергөө изоляторуна камакка алуу түрүндөгү бөгөт коюу чарасынын мөөнөтү 2023-жылдын 20-февраль күнүнө чейин узартылды.

24-25-октябрда Биринчи май райондук сотунда Кемпир-Абад боюнча кармалган саясатчы жана активисттердин соту болуп, 20-декабрга чейин камакка алынган. Кийин шаардык сот райондук соттун чечимин күчүндө калтырган.

23-октябрда Ички иштер министрлиги тарабынан 21 саясатчы жана жарандык активист кармалган. Кармоолор уланып, учурда Бишкекте башаламандык уюштурууга шектелип абака камалгандардын саны 30га жеткен.

Мындан сырткары Талант Эшалиев ден соолугуна байланыштуу үй камагына чыгарылган болсо, жарандык активист Тилекмат Куренов издөөдө.

Ички иштер министрлигинин Тергөө кызматы тарабынан Кылмыш-жаза кодескинин 36-278-беренелери («Массалык башаламандыктарды уюштурууга даярдануу») боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында тергөө амалдары жүргүзүлгөн. Анын алкагында «массалык башаламандык уюштурууга жана даярдоого, бийликти мыйзамсыз басып алуу» боюнча иштерге катыштыгы бар экендиги боюнча далилдер алынган.

Шектүүлөр жашаган даректерде тинтүү жүргүзүлүп, Жазык-процесстик кодексинин 98-беренесине ылайык, кармоо иштери жүргүзүлгөн.

Количество просмотров: 165