“Темиров LIVE” редакциясынын мурдагы журналисти Актилек Капаров 2 айга камалды. Мындай чечимди бүгүн Бишкектин Биринчи май райондук соту чыгарды.
Соттун чечимине ылайык, иликтөөчү журналист 13-мартка чейин камакка алынды.
Ошондой эле соттун чечими менен «Айт Айт Десе» жана «Temirov LIVE» каналдарынын кызматкерлери Максат Тажыбек уулу, Жумабек Турдалиев жана Акыл Орозбековдор да эки айга камалды.
16-январда «Айт Айт Десе» жана «Temirov LIVE» каналдарынын азыркы жана мурунку журналисттери жана кызматкерлери шектүү катары камакка алынышкан.
ИИМ билдиргендей, алар Кылмыш-жаза кодексинин 278-беренесинин (массалык тартипсиздиктер) 3-бөлүмү (бийлик өкүлдөрүнүн мыйзамдуу талаптарына активдүү баш ийбөөгө жана массалык тартипсиздиктерге чакыруу, ошондой эле жарандарды зомбулукка чакыруу) менен козголгон кылмыш ишинин негизинде кармалышты.