• Дүйшөмбү 29 Чын куран 2024
  • Понедельник 29 Апрель 2024

Иликтөөчү журналист Капаров: Козголгон кылмыш ишине тиешем жок

1 Чын куран 2024 17:34 Бишкек Govori.TV

“Алга медиа” каналынын негиздөөчүсү, иликтөөчү журналист Актилек Капаров камакта калды.

Мындай чечимди бүгүн, 1-апрелде Бишкек шаардык соту чыгарды.
Ага ылайык алар 13-майга чейин Бишкектин №1 тергөө абагына камакта болот.

Капаров коюлган айыптар менен макул эместигин айтты.

«Козголгон кылмыш ишине эч кандай тиешем жок. Конкреттүү далил жок. Мен аталган медиада азыр иштебейм. Буга чейин райондук сот чыгарган токтомду али колго ала элекмин. 2 айдын ичинде эч кандай суракка барган жокмун», — деди Капаров.

Эске салсак, 17-январда Бишкектин Биринчи Май райондук сотунун чечими менен эркин медиада иштеген 11 журналист жана активист 13-мартка чейин Бишкектин №1 тергөө абагына камакка алынган.

Кийин үчөө үй камагына чыккан.

ИИМдин басма сөз кызматы милиция кызматкерлери тарабынан интернет тармагына мониторинг жүргүзүү учурунда «Айт, айт десе» жана «Temirov Live» аталышындагы баракчалардан массалык башаламандыктарга чакырык жасаган материал жарыялангандыгы тууралуу маалымат алынганын, экспертизанын корутундусунун негизинде Кылмыш-жаза кодексинин 278-беренесинин 3-бөлүмү менен иш козголгонун маалымдаган.

Количество просмотров: 74