• Ишенби 27 Чын куран 2024
  • Суббота 27 Апрель 2024

Иликтөөчү журналист Тыныстан Асыпбеков камакта калды

27 Жалган куран 2024 14:36 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 27-мартта Бишкек шаардык соту иликтөөчү журналист Тыныстан Асыпбековдун баш коргоо чарасын карап, райондук соттун 2 айга камакта калтыруу чечимин күчүндө калтырды.

Иликтөөчү журналист Тыныстан Асыпбеков кош стандарттуулук болуп жатканын белгилеп, төмөндөгүлөргө токтолду.

««Айт, айт десе» жана «Temirov Live» медиасында иштеген деген негизде кармап жатышат. Бирок мен ал жерде иштебей калгам. Экспертиза кийин жарыяланган материалдарга байланыштуу дайындалып жатат. Үй камагына чыгарып берүүңүздөрдү суранам.Тергөөнүн жүрүшүнө эч кандай тоскоолдук жаратпайбыз»,-деди ал.

Эске салсак, 17-январда Бишкектин Биринчи Май райондук сотунун чечими менен эркин медиада иштеген 11 журналист жана активист 13-мартка чейин Бишкектин №1 тергөө абагына камакка алынган.

Кийин үчөө үй камагына чыккан.

ИИМдин басма сөз кызматы милиция кызматкерлери тарабынан интернет тармагына мониторинг жүргүзүү учурунда «Айт, айт десе» жана «Temirov Live» аталышындагы баракчалардан массалык башаламандыктарга чакырык жасаган материал жарыялангандыгы тууралуу маалымат алынганын, экспертизанын корутундусунун негизинде Кылмыш-жаза кодексинин 278-беренесинин 3-бөлүмү менен иш козголгонун маалымдаган.

Количество просмотров: 58