• Бейшемби 28 Жалган куран 2024
  • Четверг 28 Март 2024
Орозо

Илим Карыпбеков кайрадан КТРКнын жетекчиси болгусу келеби?

21 Үчтүн айы 2019 7:38 Бишкек Govori.TV

Бишкек. 21.01.2019. Govori.TV

Илим Карыпбеков КТРКнын башкы директорлугуна кайрадан талапкер катары арыз бере алат. Жободо каналдын жетекчисинин мөөнөтү аяктагандан кийин анын кайра сынакка катышуу укугун чектеген норма жок экенин Байкоочу кеңештин төрагасы Жыпар Жекшеев билдирди.

Карыпбековдун өзүнө бул боюнча пландарын сурап кайрылганыбызда ал:

«Мыйзамда“бир адам бир жолу же эки эле жолу боло алат” деген чектөө коюлган эмес. Ошондуктан мен кайра арыз берүүгө укугум бар. Беремби же бербеймби, бара-бара карайм. Убактым 18-февралга чейин бар. Билесиздер, арыздар 18-февралга чейин кабыл алынат. Дагы ойлонуштурабыз го», — деп жооп берди.

Карыпбековдун айтымында, анын ыйгарым укуктары 19-мартта аяктайт. Жаңы жетекчи 20-мартта ишке киришүүсү керек.

Буга байланыштуу 18-январда КТРКнын башкы директору кызматына сынак жарыяланды. Мыйзамга ылайык, башкы директор төрт жылга шайланат. Сынак төрт баскычта өткөрүлөт. Жетекчини каналдын Байкоочу кеңеши жабык добуш берүү жолу менен тандайт.

Булак: Азаттык

Количество просмотров: 21