• Жума 19 Чын куран 2024
  • Пятница 19 Апрель 2024

“Манас” аэропортунан 5 миллион долларды чыгаруу боюнча кылмыш ишинде Карыпбеков күбө катары өтүүдө

1 Тогуздун айы 2019 11:20 Бишкек Govori.TV

Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү мамлекеттик кызматы тарабынан “Манас” аэропортунан 5 миллион АКШ долларын оффшордук компаниялардын көмөгү менен чыгарып кетүү фактысы катталганы ачыкталды.

Ал эми “Манас” аэропортунда директор болуп иштеп кеткен Илим Карыпбеков Экономикалык кылмыштарга каршы күрөш кызматына сурак берип бул иште күбө катары өтүп жатканын Govori.TVга билдирди.

Кошумчалай кетсек, териштирүүнүн натыйжасында “Манас” аэропортунун жоопкерчиликтүү жетекчилери тарабынан кызмат абалынан пайдаланып, өздөрүнүн туура эмес оюн көздөп кылмыштык сүйлөшүү жүргүзүшкөн жана 2014-жылы «Топливный центр» аталышындагы «Манас» аэропортунун аймагында жайгашкан, бирок ошол учурда банкрот болгон ЖАКтын 100% акциясын колдонуу туурасында келишим түзүшкөн.

«Түзүлгөн келишим тез арада, тагыраагы 2014-жылдын 26-декабрында «Манас эл аралык аэропорту» ААКтын төрагасы «И.А.» менен «Ф.С.Л.» компаниясынын директору «Е.К.» ортосунда келишим түзүлгөн, бир нече күндөн соң «Манас эл аралык аэропорту» ААКтын эсебинен эки оффшордук компанияга каражат которулган»,-деп айтылат малыматта. (Кошумчалай кетсек 2014-жылы «Манас эл аралык аэропорту» ААКтын төрагасы Албек Ибраимов болгон)

Аталган иш кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган. Жана анын алкагында 30-сентябрь 2019-жылы «Манас эл аралык аэропорту» ААКтын юридикалык бөлүмүнүн мурунку башчысы камакка алынган.

Количество просмотров: 1180