КТРКнын мурдагы башчысы Илим Карыпбековдун тайэнеси каза болду. Бул туралуу ал өзүнүн фейсбуктагы өздүк баракчасына жазды.
Бүгүн тайэнем биз менен 88 жашында коштошту. “Мен каза болгондо ыйлабагыла” – деп баарыбызга ыраазы болуп, коштошуп кетти. Сөөгү 3 октябрда Талас облусу, Талас району, Балбал айылында жерге берилет,-деп жазган Карыпбеков.
Кошумчалай кетсек, Илим Карыпбеков тайэнеси менен түрдүү суроолордун тегерегинде маек куруп, видеону социалдык тармактагы баракчасына жайгаштырчу. Ал тасмалар көпчүлүктүн көңүлүнө жагып, мактоолорго татып келген.
Govori.TV агенттигинин жалпы жамааты Илим Карыпбековго жана жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтат.