• Шейшемби 16 Чын куран 2024
  • Вторник 16 Апрель 2024

Илим Карыпбеков: “Сооронбай Шарипович, сизди КТРКга чакырам”…

28 Бирдин айы 2019 16:14 Бишкек Govori.TV

Бишкек. 28.02.2019. Govori.TV

КТРКнын жетекчилигине талапкерлигин алган Илим Карыпбеков өзүнүн фейсбук баракчасы аркылуу өзү башкарган учурдагы КТРКнын жамаатына жана бир катар инсандарга ыраазычылык билдирген билдирүүсүн жазды.

Анын кайрылуусунда президент Сооронбай Жээнбековго карата да пикирин жазды.

“Сооронбай Шарипович, мен сиз менен биринчи ирээт сиз премьер-министр болгонуңузда кезиккенмин. Болгону 10 мүнөттүк жолугушууда менин “КТРКга түшкөн пайданын 50пайыздык төлөмүнөн бошотуу” сунушумду бир жума ичинде чечүүгө жардам бергенсиз. Сиздин ата катары кам көрүп, мага жана менин үй бүлөөмө кыйын учурда жардам көрсөткөнүңүздү унутпайм. Сизге менин кызматтан кетүүмдү көздөгөндөрдүн өтүнүчүнө карабай, менин төрт жылдык мөөнөтүмдү аяктоого шарт түзүп бергендигиңизди баалайм. Жалпы төрт жылдык КТРКны башкаруумда, сиздин президенттигиңизе саясаттык редакция мурда болуп көрбөгөндөй бийлик органдарынын басымынан бошой алды. Сизге ийгилик каалоо менен сизге чейин кетирген каталарды кайталообоңузду каалайм. Мүмкүнчүлүктөн пайдаланып, сизди КТРКга чакырам. Кызматкерлердин көпчүлүгү шайлоо алдында сизди колдогон. Алар үчүн болгону сиздин көңүл бурууңуз жана жакшы сөзүңүз гана керек. Сиздин маселелерди акылдуу, адилетүү карап бергениңизге ыраазычылык билдирем. Менин эң жакын адамымдын ишин адилеттүү баалаганыңыз үчүн, үй бүлөөмдүн жана өзүмдүн атымдан ыраазычлык билдирем”,-деди Карыпбеков.

Количество просмотров: 31