• Бейшемби 28 Жалган куран 2024
  • Четверг 28 Март 2024
Орозо

Илмиянов Казань шаарында Атамбаевге үй куруп жатканбы?

20 Тогуздун айы 2018 10:11 Бишкек Govori.TV

Бишкек.20.10.2018.Govori.TV.

Издөөгө жарыяланган экс-президент Алмазбек Атамбаевдин айтылуу шоопуру Икрамжан Илмиянов козголгон кылмыш ишинин негизинде Кыргызстанга алынып келинди. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук комитетинен Govori.TV агенттигине тастыкташты.

Илмиянов Казань шаарынан кармалганы айтылууда.

Маалыматка ылайык Илмиянов сурак берип жатканы кабарланууда.

Мурда Илмиянов Дубайдан (Бириккен Араб Эмиратынан) кармалганы тууралуу маалымдалган.

Өздүк булактарга ылайык Илмиянов Казань шаарында шефи Алмазбек Атамбаевге үй куруп жатканы айтылууда. Бул маалыматка Атамбаевдин тарапташтары комментарий бере элек.

Количество просмотров: 25