Белгилүү россиялык блогер Илья Варламов Кыргызстанда кара аттын сүрөтү түшүрүлгөн кадимки желим баштыкты сатып алып, аукциондо 10 миң рублга саткан. Бул тууралуу ал өзү соцтармак аркылуу билдирди.
Анын айтымында, ал пакетти Бишкектеги Ош базарынан 10 рублга (10 сомго) сатып алган.
Ал сатып алган учурдан, аукциондон жана анын жыйынтыгы тууралуу окуяны толугу менен Instagram аркылуу кабарлаган.