• Шаршемби 1 Бугу 2024
  • Среда 1 Май 2024

Имакеев: 5 массалык уулануу катталып, 117 адам жабыркаган

3 Кулжа 2022 11:39 Бишкек Govori.TV

Кыргызстанда жыл башынан бери 5 массалык уулануу катталып, 117 адам жабыркаган. Бул тууралуу бүгүн, 3-июнда өткөн маалымат жыйынында Саламаттык сактоо жана коопсуздук департаментинин тамак-аш азыктарынын коопсуздугун көзөмөлдөө жана алиментардык оорулардын алдын алуу башкармалыгынын башчысы Азамат Имакеев билдирди.

Анын айтымында, 12 кичи базар, 82 соода-сатык түйүндөрү текшерилип, 1347 коропка “сахабат” кондитердик азык табылып, алардын бары утилизацияга кеткен.

«Ысык-Көлдө мектеп окуучулары “Алиппе” майрамында кондитердик азыктан, ошондой эле Сүлүктүдө тойдо 34 адам тамак-аштан ууланган. Учурда окуучулардын абалы жакшы. Андан кийин жакында эле Кара-Суу районунда дагы “Сахобат” деген кондитердик азыктан массалык уулануу болуп, жалпы 56 адам жабыркаган. Аларга лабораториялык изилдөөлөр жүргүзүлүп, стафилакок бактериясы аныкталган”, — деди ал.

Имакеев массалык уулануу боюнча бардык чогулган материалдар Ички иштер министрлигине берилгенин кошумчалады.

Количество просмотров: 125