Абактагы KG Group курулуш компаниясынын негиздөөчүсү Имамидин Ташовдун абактагы мөөнөтү 2025-жылдын 8-февралына чейин узартылды.
Анын бөгөт чарасы бүгүн, 6-декабрда Бишкектин Биринчи май райондук сотунда каралган.
Эске салсак, атайын кызмат Ташовду быйыл 22-апрелде кармаган. Ага Кылмыш-жаза кодексинин “Бийликти күч менен басып алуу” беренеси менен айып коюлган.