• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Иманалиев: Кумтөргө байланыштуу бүгүнкү аракеттер 3 нерсеге алып келиш керек

17 Бугу 2021 17:57 Бишкек Govori.TV

ЖК депутаты Каныбек Иманалиев «Кумтөргө» байланыштуу бүгүнкү аракеттер 3 нерсеге алып келиш керек деп эсептей.

Анын айтымында, Кумтөрдү иштетип кетүүгө кыргыз адистеринин күчү жетет.

«Учурда 12 башкармалык болсо анын баарында тең кыргыз жигиттери иштейт, мындан ары иштетип кетүүгө бүгүнкү күндө кыргыздын адистеринин деңгээли жетет. Кеп канчалык деңгээлде, андан өйдө турган менеджментте «Кыргызалтын», кыргыз өкмөтү баягы биздин тууганчылыкка салып туугандарын орноштуруп ийбейби, коррупциялык элементтер болбойбу? дегенде. Азыркы аракеттердин баардыгы, тышкы башкаруу киргизүү, улутташтыруу, кээ бири айтып жатат сүйлөшүү бул үчөөнүн жыйынтыгы бизге 3 нерсе алып келиш керек. Биринчи бизге алар чыгымды төлөшү керек (аны сот аныктайт), экинчи директорлор кеңешинде Кыргызстандын өкүлдөрү жок дегенде жарымынан көбү болуш керек, үчүнчү жердин алдынан 626 тонна алтын бар аны биз жаңы эреже менен иштетишибиз керек», — деди депутат.

Количество просмотров: 436