• Бейшемби 28 Жалган куран 2024
  • Четверг 28 Март 2024
Орозо

Имаратты башка бирөөгө сатып жиберген. Чүйдө алдамчылыкка шектүү кармалды

20 Чын куран 2021 9:34 Бишкек Govori.TV

Чүй облусунун Москва районунда алдамчылыкка шектүү жаран кармалды. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.

Москва районунун ички иштер башкармалыгына жергиликтүү жашоочу арыз менен кайрылган. Аны ири суммадагы акча каражатына бирөө алдап кеткенин билдирип, ошондой эле кыймылсыз мүлкүнөн да айрылып калганын билдирген.

2019-жылдын июнь айларында арыздануучу Ч.О. таанышы Т.Э. аттуу жаран менен ич ара келишип, банктардын биринен насыя алуу максатында, арыздануучуга таандык болгон Москва районунда жайгашкан киши жашабаган имаратын Т.Э. аттуу жаранга сатып алуу, сатуу боюнча келишим түзүшкөн. Т.Э. менен алган насыяны төлөп бүтөргөн соң имаратты кайра ээсине кайтаруу боюнча макулдашуу болгон. Т.Э. имаратты өзүнө өткөрүп алган соң эки жолу ири өлчөмдө банктан насыя алып, каражаттын баарын өзүнүн керектөөсүнө иштетип, арыздануучуну алдоо жолу менен 1 000 000 сомдон ашык акча каражатын банкка төлөтүп, насыя төлөнүп бүткөн соң имаратты башка бирөөгө сатып жибергенин билдирген.

Бул окуя кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине Кыргыз Республикасынын Жазык кодесинин 204-беренеси (Алдамчылык) боюнча катталып, сотко чейинки өндүрүш иштери башталган.

Москва районунун ИИБдүн криминалдык милиция кызматкерлери тарабынан жүргүзулгөн ыкчам тергөө иш-амалдарынын натыйжасында жогорудагы алдымчылыкка шектелип, 33 жаштагы Т.Э. аттуу жаран кармалып, убактылуу кармоочу жайга камакка алынган. Сотко чейинки өндүрүш иштери уланууда.

Количество просмотров: 100