• Жекшемби 5 Бугу 2024
  • Воскресенье 5 Май 2024

«Империя пиццы» кафесинин тамагынан уулангандардын саны 250дөн ашты

27 Тогуздун айы 2021 11:35 Бишкек Govori.TV

27-октябрга карата Бишкектеги «Империя пиццы» кафесинен тамактанып, ууланган жарандардын саны 253кө жетти. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинен билдиришти.

Массалык уулануу 23-24-октябрь күндөрү аталган кафеде суши-роллы жегендер арасында катталып, учурда 60 жаран ооруканаларда дарыланып жатат. Анын 19у Темир жол бейтапканасында, 18 адам Шаардык балдар клиникалык тез жардам ооруканасында, 23 бейтап Улуттук госпиталда жатат.

«Бейтаптардын абалы туруктуу, калган уулангандарга керектүү медициналык жардам берилгенден кийин үйлөрүнө жиберилди»,-деп айтылат маалыматта.

Кошумчалай кетсек, Бишкек шаарындагы «Империя пиццы» кафесинин түйүндөрү эпидемиологиялык иликтөө иштери жүргүзүлгөнгө чейин жабылган болчу.

Количество просмотров: 103