• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

«Империя Пиццы» кафесинин бардык түйүндөрү убактылуу жабылат

25 Тогуздун айы 2021 10:30 Бишкек Govori.TV

“Империя пиццы” кафелеринин бардык тармактары массалык ууланууга байланыштуу убактылуу жабылды. Бул тууралуу Мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борборунан билдиришти.

Маалыматка ылайык, массалык ууланууга байланыштуу эпидемиологиялык иликтөөнүн алкагында текшерүү жүрүп жатат.

Эске сала кетсек, 25-октябрда саат 7:30да Темир жол ооруканасынын жугуштуу оорулар бөлүмүнө тамактан ууланып, медициналык жардам сурап кайрылгандардын жалпы саны 85ке жеткен. Эпидемиологиялык иликтөөнүн жүрүшүндө жабырлануучулар 4 аймакта жайгашкан «Империя Пиццы» кафесинен тамак (роллы) жешкен. Мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборунун адистери эпидемиологиялык иликтөө иштерин улантууда.

Количество просмотров: 542