• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Бишкекте тамакка уулангандардын саны 85ке жетти. Алардын абалы кандай?

25 Тогуздун айы 2021 9:26 Бишкек Govori.TV

Тамактан ууланып Темир жол ооруканасынын жугуштуу оорулар бөлүмүнө кайрылган жарандардын саны 25-октябрь саат 7:30га карата 85ке жетти. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, бүгүнкү күндө ооруканага кайрылган 85 адамдын ичинен бир аял ооруканада дарыланып жатат, абалы туруктуу. Калгандары медициналык жардам көрсөтүлгөндөн кийин дарыланууну үйлөрүнөн улантуу үчүн жөнөтүлгөн.

Эске салсак, 24-октябрда тамакка ууланган 12 адам кайрылганы, алардын үчөө жаш балдар экени, үч аял ооруканада дарыланып жатканы кабарланган. Ооруканага кайрылгандар «Империя пицца» кафесинен суши-роллы алып жешкен.

Количество просмотров: 591