• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

Массалык уулануу: «Империя пиццы» кафесине канча айып пул салынды?

26 Тогуздун айы 2021 13:12 Бишкек Govori.TV

Массалык тамакка уулануу фактысы боюнча «Империя пиццы» кафесине айып салынып, 5 протокол түзүлдү. Бул тууралуу мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борборунун санитардык дарыгери Кундуз Эсенгулова Sputnik Кыргызстан агенттигинин маалымат борборунда өткөн брифингде билдирди.

Анын айтымында, уулануу боюнча маалымат милицияга өткөрүп берилген, мындан ары ишти укук коргоо органдары алып барат.

«Империя пиццы тамактануу жайынын 16 түйүнү тең жабылды. Бузуулар кодексине ылайык, кафенин администрациясына карата 7 миң 500, 5 миң жана 3 миң сомго 5 протокол түзүлдү», — деди Эсенгулова.

Количество просмотров: 322